21- Июнь 1893 -жылы
Чикагодо өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө катышуучулар тарыхта алгачкы жолу "Шайтан тегереги" аттракционуна түшүшкөн
Чикагодо өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнүн катышуучулары тарыхта алгачкы жолу "Шайтан тегереги" аттракционуна түшүшкөн.
1891-жылы Чикагодо өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнүн уюштуруучулары Эйфел мунарасынан өткөн мыкты курулушка сынак жарыялашкан. Уюштуруучулар дүйнө жүзүндөгү инженерлерден миңдеген каттарды алышканы менен татыктуусун таба алышкан эмес. Иллинойс штатындагы Жорж Феррис чоң көлөмдөгү "Шайтан тегереги" аттракционун курууну сунуштаган. Ал бул идеяны суу тегирмениндеги дөңгөлөктөрдүн негизинен алган. Кесиптештери идеясын жактырышкан эмес. Бирок Жорж аларга карабастан, өзүнүн каражатынан 25 миң долларга долбоорду чийген, уюштуруучулар акыры макул болушкан. Аттракционду курууга Жорж Феррис демөөрчүлөрдү өзү тапкан. Анын көп бөлүгү Детройтто даярдалып, Чикагого поезд менен ташылган. Ферристин дөңгөлөгүнүн диаметри 80 метр болуп, огунун бийиктиги 14 метрди түзгөн. Анда 36 кабина жайгашып, ар бири 60 орундуу болчу. Курулушка 250 миң доллар жумшалып, жалпы салмагы 4100 тонна болгон. 1893-жылы 21-июнда аттракцион эл үчүн ачылып, көргөзмө маалында 1,5 миллиондой адам түшүп, 10 мүнөт үчүн 50 центтен төлөшкөн. Ал күнү уюштуруучулар 730 миң доллар киреше табышкан.