Канаверал космодромунан Марсты изилдөө үчүн америкалык “АМС Phoenix” коё берилген. Mars Scout программасы менен коё берилген алгачкы космостук аппарат. Анын ичинде суунун геологиялык тарыхын, микроорганизмдердин көбөйүшүнүн шарттарын билүү үчүн айлана-чөйрөнү изилдөөчү аспаптардын топтому бар болгон. Phoenix Марска ийгиликтүү конгон аппараттардын биринчиси. Ал Марска 2008-жылы 25-майда конгон. Аны менен акыркы сеанс 2008-жылдын 2-ноябрында болуп, 10-ноябрда миссия аяктаган.