21- Июнь 2016 -жылы
Скейтбордчулардын эл аралык күнү
Бүгүн Скейтбордчулардын дүйнө жүзү боюнча расмий түрдө эл аралык күнү.
Скейтборд англис тилиндеги "skateboarding" сөзүнөн алынган, скейтбординг - ролиги бар тактаны тебүү. Скейтбординг менен алектенген адамды скейтбордист же скейтер деп аташат.
Бүгүнкү күндө скейтборд тебүү дүйнө жүзү боюнча популярдуу. Ал эми ар кандай трюктарды камтыган скейтбординг спорттун экстремалдуу түрлөрүнө кирет.
Майрам 2004-жылдан бери белгиленип келет. Бул демилгени америкалык скейтбордчулар сунушташкан. Скейтборд-индустриясындагы Скейтборд компанияларынын эл аралык ассоциациясы 21-июнду Скейтбординг күнү деп жарыялашкан. Ошондон бери жыл сайын бул күнү скейтерлер көчөгө жүрүшкө чыгышат. Скейтборд алгач 1958-жылы АКШда жасалган.