30- Июнь 1985 -жылы Тамада, шоумен Бакыт Байсариев туулган
Тамада, шоумен Бакыт Байсариев Бишкек шаарында төрөлүп өскөн. Кичинекей кезинен ата-энесинин каалоосу менен бий ийримине барган. Жетиге чыкканында "Сейтек" балдар борборунда бий өнөрчүлүгүн өздөштүрө баштаган. 11-классты аяктагыча бал бийи боюнча Кыргыз Республикасынын 3 жолку чемпиону болгон. Башында бийди хобби катары эле кабыл алса, кийин мектепти бүткөндө келечектеги кесибин бий өнөрү менен гана байланыштырууну чечкен. Бий менен 2013-жылдарга чейин алектенип, андан кийин жылына ашып кетсе 2 жолу гана бийлеп калганын өзү маектеринин биринде айткан. Бий боюнча Египетте, Москвада сабак алып келген. Ошондой эле Казакстанда, Египетте, Түркияда жыл сайын өтүүчү бий фестивалдарына катышып келген. Учурда тамада жана шоумен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан