16- Июль 2015 -жылы
УКМКнын кызматкерлери Бишкек шаарында 2 жерде террордук топторду жок кылуу операциясын жүргүзүшкөн
УКМКнын кызматкерлери Бишкек шаарында 2 жерде террордук топторду жок кылуу операциясын жүргүзүшкөн. Согушкерлер багынып берүүдөн баш тартышып, курал менен каршылык көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында 4 согушкер өлтүрүлүп, 7 согушкер кармалган. Атышуудан "Альфанын" атайын даярдыктагы 4 жоокери да жаракат алган.