Ырчы Съездбек Искеналиев Нарын облусунун Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында туулган. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайындагы "кыл кыяк бөлүмүн" бүтүргөн. Ырчы "Селки" ыры менен чыгып, атактуулукка жеткен. Ырчылыктан тышкары тасмаларда катышып, режиссёрлук жаатында да иштеп келет.