16- Август 2005 -жылы
Венесуэланын Мачикес шаарына жакын жерде MD-82 учагы кыймылдаткычы иштебей калып жерге кулап түшүп, андагы 160 кишинин баары каза болгон
Венесуэланын Мачикес шаарына жакын жерде MD-82 учагы кыймылдаткычы иштебей калып жерге кулап түшкөн. Андагы 160 кишинин баары каза болгон. Учак ошол күнү Панамадан Мартиникуга 4-сапарын жасаган. Жерден 10 миң метр көтөрүлгөндө суднонун экипажы кыймылдаткыч иштебей калганын кабарлайт. Бир нече мүнөттөн соң учак жерге кулап түшкөн. 160 кишинин мындай аянычтуу өлүмү Венесуэланын тарыхындагы эң ири кырсыктардын катарына кирген. Кырсык боюнча француз эксперттери иликтөө жүргүзүшүп, учактын техникалык абалы жайында болгон, кыймылдаткычтын иштебей калышына экипаж күнөөлүү деп жыйынтык чыгарышкан.