23- Август 2010 -жылы Филиппиндин борбору Манилада полициядан айдалып кеткен адам 25 кишиси бар автобусту барымтага алган. Барымтадагыларды бошотуу учурунда 9 киши өлүп, 9 киши жаракат алган
Филиппиндин борбору Манилада полициядан айдалып кеткен Роландо Мендоза аттуу адам кайра жумушка алууну талап кылып 25 кишиси бар автобусту барымтага алган. Ал кызматтан адилетсиз алынып калганын айтып, өзүнүн чындыгын тиешелүу жактар угушун талап кылган. 10 саат бою Роландо Мендозанын кесиптештери автобусту жүргүнчүлөрү менен курчоого алып турушкан. Мындан кийин автобустун айдоочусу кандайдыр бир жолдор менен бошонуп чыгып, автобустун ичиндеги бардык жүргүнчү каза болгондугун билдирет. Маниланын полициясы бир жарым саат атышып, кылмышкерден автобусту бошотуу аракеттерин көрө башташкан. Бул жаңжалды жергиликтүү каналдар түз алып көрсөтүп, миллиондогон көрүүчүлөр сыналгы аркылуу штурмга күбө болушкан. Барымтадагыларды бошотуу учурунда Роландо Мендозанын өзү менен кошо 8 киши өлүп, 9 киши жаракат алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан