24- Август 2008 -жылы
Бишкектин жанындагы "Манас" аэропортунан учуп чыгып, кайра конууга камынып жаткан Боинг-737 учагы кырсыкка кабылып, учактагы 90 кишинин 68и каза болгон
Бишкектин жанындагы "Манас" аэропортунан учуп чыгып, аргасыздан кайра конууга камынып жаткан Боинг-737 учагы аэропорттон алыс эмес жерде кырсыкка кабылган. Учактагы 90 кишинин 68и каза болгон. Бортто 83 жүргүнчү, 7 экипаждын мүчөсү болгон. Кырсык техникалык катачылыктардан улам келип чыккан. Жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргызстандын баскетбол боюнча жаштар курамасы да болгон. Алар Тегеран шаарында өтө турган мелдешке катышууга бара жатышкан. 2008-жылдын 26-августу Кыргыз өлкөсү үчүн аза күтүү күнү деп жарыяланган. Кырсыктан тирүү калган экипаждын 2 мүчөсү Юрий Гончаров жана Тимофей Водолагин кырсыктын алдын албагандыгы үчүн күнөөлөнүп, 5 жылга эркинен ажыратылган.