13- Октябрь 1972 -жылы
Орусияда Ил-62 учагы кырсыкка кабылып, 174 адам каза болгон
1972-жылдын 13-октябрында Москва облусунда Ил-62 учагы кырсыкка кабылып, 174 адам каза болгон. “Аэрофлот” авиакомпаниясына таандык учак Париж-Ленинград-Москва каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташып келе жаткан. Бирок Москвага конордо жерге кулап түшүп, толук талкаланган. Ичиндеги экипаждын 10 мүчөсү жана 164 жүргүнчү каза тапкан. Ушул убакка чейин кырсыктын келип чыгуу себептери так айтыла элек.