Эминем аты менен таанымал ырчы, рэпер, продюсер, композитор жана актёр Маршалл Брюс Мэтерс III АКШнын Миссури штатындагы Сент-Джозеф шаарында туулган. Жеке карьерасынан тышкары Маршалл D12 тобунда, Bad Meets Evil хип-хоп-дуэтинде ырдайт. Эминем дүйнө жүзү боюнча көп талап кылынган ырчылардын бири, альбомдору эң өтүмдүү. Аны көптөгөн журналдар улуу музыкант атап, Rolling Stone америкалык журналы улуу артисттердин 100дүгүнөн 83-орунга жайгаштырып, хип-хоптун падышасы атаган. Эминемдин топторунун студиялык альбомдорун эсепке алганда, "Billboard 200" чартына анын 10 альбому биринчи орундарга ээ болгон. Жеке артист катары, Эминем 100 миллиондон ашуун альбом саткан. 1996-жылы өзүнүн дебюттук Infinite альбомун чыгарган соң АКШда чоң атактуулукка жеткен. 1999-жылы The Slim Shady LP аьбому аны дүйнөгө тааныткан. Ал альбому менен алгачкы Грэмми сыйлыгына ээ болгон. Кийинки The Marshall Mathers LP жана The Eminem Show альбомдору да Грэмми сыйлыгына татып, ырчы "мыкты рэп-альбому" категориясында 3 жыл катары менен сыйлык алган алгачкы артист болгон. 2004-жылы Encore альбомун чыгарып, гастролго чыккан соң, чыгармачылык тыныгуу алган. 5 жылдан кийин 2009-жылы 15-майда Relapse аталышындагы альбомун жаздырган. Андан бери дагы бир нече студиялык альбом чыгарган.