16- Июль 2016 -жылы
Кыргыз Эл акыны,Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сүйүнбай Эралиев каза болгон
Ал 1921-жылы 15-октябрда Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1944-1951-жылдары Талас облустук "Лениндик туу" гезитинин жооптуу катчысы, 1951-1954-жылдары Москвадагы жогорку мектепте, 1965-1967-жылдары СССР Жазуучулар союзунун жогорку адабий курсунда окуган. Кийин "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору, Жазуучулар союзунун катчысы, адабий кеңешчиси болуп иштеген. 1984-жылдан тартып кызматты таштап, биротоло чыгармачылыкка бет алган. Туңгуч ырлар жыйнагы "Биринчи жаңырык" деген аталышта 1949-жылы чыккан. Котормо өнөрүнө да зор салым кошкон. Эл достугу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 16-июль күнү 95 жаш курагында дүйнө салган.