Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында дүйнө салган. Анын 70тен ашык ырына обон жазылган. 2003-жылы чыккан "Канат менен Зарина" деген махабат дастаны орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулуп, өзүнчө китеп болуп чыккан. С.Жусуев Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Шевченко, Абай, Мактымкули, Исаакян, Омар Хайям, Маяковский, Есенин, Тычина, Гамзатов, Кулиев, Магжандын жана башка акындардын ырларын кыргыз тилине чебер которгон.