17- Октябрь 1970 -жылы
Популярдуу кыргыз ырчысы Светлана Назаренко туулган
Орусиялык жана кыргыз ырчысы Светлана Назаренко 1970-жылы 17-октябрда туулган. Ал Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Учурда "Город 312" тобунун солисти, сахнадагы ысымы Ая. 2015-жылы 21-декабрда ырчы "Бишкектин ардактуу атуулу" наамы менен сыйланган. 2016-жылдын 15-октябрында "Ала-Арча"мамлекеттик резиденциясында кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн Светлана Назаренко "Даңк" медалы менен сыйланган. Светлана Назаренко туулуп-өскөн шаары Бишкекте чыгармачылыгын баштаган. Анын кыргыз тилинде "Сен менин жазылбаган ырларымсың", "Сыйкырчы", "Баарын түшүнөм", "Эсимде" сыяктуу көптөгөн ырлары бар.