27- Октябрь 1858 -жылы АКШнын 26-президенти Теодор Рузвельт туулган

Теодор Рузвельт 1858-жылы Нью-Йорк штатында жетиштүү үй-бүлөдө жарыкка келген. Жаштайынан ал астма дарты менен ооруп, сакайып кетүү үчүн дайым спорт менен машыгып турган. Бул менен кичинекей Рузвельт эркин бекемдеп, туруктуу максатка умтулууну үйрөнгөн. Кичине мезгилинде эле үй-бүлөсү менен Европага, Египетке саякаттап жүрүп, ал жердин маданияты менен таанышкан. 1873-жылы Рузвельт бир нече ай Германияда жашап, немис тилин өздөштүрөт. 1876-жылы Гарвард университетине тапшырып, биринчи жубайы Элис Хэтеуэй менен таанышкан. 1895-жылы болсо Нью-Йорк шаарына полициянын башчысы болуп дайындалат жана мамлекеттик кызматты ушул жерден баштайт. 1898-жылы Нью-Йорк штатына губернатор болуп шайланат, 1901-жылдын 4-мартында республикачылардын атынан өлкөнүн вице-президенттигине талапкерлигин коюп, вице-президент катары иштей баштайт. 

1901-жылдын 5-сентябрында 25-президент Мак Кинлиге кол салуу уюштурулуп, жараатынан улам ал каза болот. Натыйжада 14-сентябрда Рузвельт 42 жашында эң жаш президент катары бийликке келет. 1919-жылы 60 жашында Теодор Рузвельт Нью-Йоркто каза болот.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан