18- Октябрь 1867 -жылы Аляска жарым аралы АКШга сатылган

1 миллион 718 миң чарчы чакырым жерди ээлеген Аляска жарым аралы сатылган. Алясканы сатуу боюнча келишимге Орусия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда 1867-жылы 30-мартта кол коюлган. Аталган аймак 7,2 миллион долларга сатылган.

Аляска аймагын сатуу идеясы 1866-жылы 16-декабрда Александр II, князь Константин Николаев жана Каржы министрлиги катышкан жыйында көтөрүлгөн. Аталган иш-чарага катышкандар жерди сатуу идеясын жактырышкан. 1867-жылы Орусиянын желеги түшүрүлүп, АКШнын желеги расмий түрдө көтөрүлгөн. Аталган салтанатка АКШнын 250 жоокери параддык формалары менен катышкан.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан