20- Октябрь 2010 -жылы Статистиканын бүткүл дүйнөлүк күнү
2010-жылы БУУнун Статистикалык комиссиясы 41-сессиясында Бүткүл дүйнөлүк статистика күнүн негиздеген. Ал эми 2010-жылы 3-июнда БУУнун Башкы Ассамблеясы 64/267 резолюциясын кабыл алып, 20-октябрды Бүткүл дүйнөлүк статистика күнү деп жарыялаган. Бул чечимди чыгарууга прогрессти өлчөө үчүн өз убагында так берилген статистикалык маалыматтардын маанилүүлүгү түрткү болгон. Мындай маалыматтар көбүнчө өнүгүү жолун контролдоого, саясий маселелерди негиздүү чечүүгө керек.
Ал эми БУУнун Башкы Ассамблеясынын 69/282 резолюциясына ылайык, Бүткүл дүйнөлүк статистика күнү ар 5 жыл сайын белгиленет.
1927-жылы октябрь айында Кыргыз АССРинде Борбордук статистикалык башкармалыгы ачылган. 
1987-жылы  Борбордук статистикалык башкармалыгы жоюлуп, Статистика боюнча мамлекеттик комитет түзүзүлүп, 1994-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика комитетине өзгөртүлүп, өкмөттүн түзүмүнөн чыккан. Түзүмдөн чыкканы ага мамлекеттик жана саясий структуралардан көз каранды болбогонго шарт түзгөн. 
Ошол эле жылы май айында статистикалык системде жаңы өзгөртүүлөр болуп, КРнын ал кездеги президенти Аскар Акаев 1994-жылы 30-майда "Кыргыз Республикасынын улуттук статистикалык комитети" тууралуу буйрукка кол койгон. Буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика комитетине Улуттук статистикалык комитет статусу ыйгарылган. Жаңы статус боюнча, бул комитет бир гана президенттин алдында отчёт берет. КРнын статистикалык кызматы КМШ өлкөлөрүнүн арасынан көз карандысыздык статусуна биринчи болуп ээ болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан