17- Октябрь 2016 -жылы
ырчы, обончу Нурлан Тилебаев каза болгон
Белгилүү ырчы жана обончу, режиссёр Нурлан Тилебаев 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү 49 жашында узакка созулган боор оорусунан көз жумган.
Ырчынын "Эңсөө бийлеп...", "Унутам деп...", "Оо, жаным" жана башка ырлары элге кеңири белгилүү. Анын ырларын таланттуу ырчы Таалай Бектурганов да берилүү менен аткарып, кыргыз элинен калың күйөрмандарды тапкан.
Нурлан Тилебаев 1967-жылы Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 3 эркектин улуусу болгон. Ата-энеси мугалим болгондугуна байланыштуу 3-класстан 10-класска чейин мектеп-интернатта окуган. 4-класстан тарта музыкалык аспаптарды үйрөнүп, 8-класстан тарта обон чыгара баштайт. 1989-жылдан баштап КТРге оператор болуп ишке орношкон. Кийин режиссёрлукка өтүп, андан соң КУУнун журналистика факультетин аяктаган. Ошентип телевидение жаатында 22 жылдай эмгектенген. КТРде көп жыл иштеп, 2010-жылы Бейшенбек Бекешовдун чакыруусу менен ЭлТРде да иштеген.
2014-жылы "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде: "2 жылдан бери ооруп жүрөм. Дарыгерлер ички варикоз деген диагноз коюшуп, Москвага барып операция жасатып келгем. Жакында да барып текшерилип келдим. Чоңдордон эмес, карапайым элден айланса болот. Дары-дармекке кетчү каражатты кесиптештерим, тууган-туушкандарым, жердештерим жана карапайым калк эле чогултуп беришти. Ал эми миллиондогон акчасын сапырган чоңдор, байлардан бир тыйын чыкпайт экен", - деп ооруп жүргөндүгү тууралуу айтканы бар.