Кара-Балтада үлпөт тойдогу кортеждин унаасы 2 аялды сүзүп, алар окуя болгон жерден каза табышкан. 25-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт кызматына билдирүү түшкөн. Анда Фрунзе көчөсүнөн 2 жөө жүрүүчүнү унаа сүзүп кеткенин айтышкан. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Хонда CRV үлгүсүндөгү унааны 20 жаштагы жаран катуу ылдамдыкта башкарып бара жатып жолдун каршы тарабынан 2 жөө адамды сүзүп кеткенин аныкташкан. Оор жаракаттардан улам бир аял окуя болгон жерден, ал эми экинчиси ооруканадан каза тапкан. Айдоочуга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.