Түркиянын Газиантеп шаарында жан кечти-террорист өзүн жардырып, 3 полиция кызматкери каза болгон. Окуя 2016-жылы, 16-октябрда саат 12:45 чамасында террористтик иш аракеттерге шектелген адамдардын үйүн тинтүү учурунда болгон. Жыйынтыгында 3 полиция кызматкери курман болуп, 8 адам жаракат алган. Алардын ичинен төртөө полиция кызматкери болсо, төртөө сириялык качкындар болгон. Бул боюнча "Ислам мамлекети" террористтик тобунун 19 мүчөсү кармалган.