Орусиялык окумуштуу Георгий Воронов 1935-жылдын 18-октябрында Орусиянын Москва шаарында туулган. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы Орусиянын Пермь облусуна белгилүү окумуштуу болушкан. Апасы М.А.Генкель Пермдин белгилүү адабиятчысы болсо, атасы А.Г.Воронов белгилүү биолог болуп эмгектенген. Георгий Анатольевич бала чагын Пермь облусунда өткөрүп, №32 Молотов орто мектебин 7-класска чейин окуган. Мектептин жетекчилери Георгий Анатольевичтин биология тармагына болгон кызыкчылыгын ошол кезде эле байкашкан. Кошумча, Георгий Воронов зоология илимине кызыгып, атасынын канаттуу куштардан жана жаныбарлардын сөлөкөттөрүнөн турган жеке көргөзмөсүн эл алдына алып чыгууга катышып турган. 1955-жылы Москва шаарынын Москва Мамлекеттик Университетинин географиялык факультетине тапшырып, 1960-жылы биогеография кафедрасын ийгиликтүү аяктаган.
Георгий Вороновдун өз сөзүндө мыкты мугалимдерден билим алганын баса белгилеген. Москва Мамлекеттик Жогорку окуу жайында илимий экспедицияда эмгектенип жаңы ачылыштарды жасаган. Ал кийинчерээк география, биология, экология илиминин окумуштуулары А.Н.Формозов, А.П.Кузякин, А.Г.Воронов, Н.А.Гладков, А.М.Чельцов-Бебуто жана Н.Ф.Реймерстер сыяктуулардын катарын толуктаган.
Георгий Анатольевич өмүр жолунда өзүн жөнөкөй эле адам экендигин белгилеп, стандарттуу эмес ойлоноорун, чечкиндүү кадамдарын, тез ойлонуу менен чечим кабыл аларын, ийгиликке жеткен соң, ал бийиктикте кармалып туруу сыяктуу сапаттарын адаттагыдай эле адамдык сапаттар экени катары кабылдаган.
1960-жылы Георгий Анатольевич Москва Мамлекеттик Университетин бүтүргөн соң алыскы батыш Сибирдеги География институтунда эмгектенип анын аспирантурасын 1961-жылы ошол эле жерде уланткан. 1965-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган. Ушул жылдар аралыгында алыскы батыш Сибирде көп илимий эмгектердин ачылыштарын жасап Н.Ф.Реймерстин автордук демилгеси менен 1963-жылы "Жогорку Лена аймагындагы курт-кумурскалар менен тамактануучулар жана кемирүүчүлөр" (Насекомоядные и грызуны Верхней Лены) илимий изилдөө эмгегин жарыкка чыгарган.
1966-жылдын аягында Пермь облусуна кайтып, 1976-жылга чейин Пермь мамлекеттик илимий институтунун зоология жана биолого-химиялык факультетинде доценттик даражасынын алдында окутуучу болуп иштеген. Бул жылдар аралыгында жаңы долбоорлордун үстүндө иштеп студенттер жана Сибирь ПГПИ аспиранттары менен бирге экспедицияларды жүргүзүп "Экология жана териология илимдеринин үстүндөгү изилдөөлөр" (Вопросы экологии и териологии) жана "биогеография, аймак таануу" (Биогеография и краеведение) эмгектерин жарыкка чыгарган. Бул эмгектерин жергиликтүү билим берүү тармактарындагы окумуштуулар талкууга алып Пермь облусунда гана каралбастан Москва, Свердловск, Иркутск шаарларында да колдонулган.
1976-жылы Георгий Воронов Пермь мамлекеттик университетинин география факультетинде физикалык география кафедрасында эмгектенген. 1977-жылы ушул эле факультетке “Биогеоценология жана жаратылышты коргоо” кафедрасын ачып 2008-жылга чейин студенттерге үзгүлтүксүз билим берип келген. 2010-жылы Пермь мамлекеттик университетинин эмгек сиңирген профессору наамын алган.