26- Октябрь 1797 -жылы

Химик жана физик Готтфрид Озанн туулган

Химия жана физика илимдеринин профессору Готтфрид Вильгельм Озанн 
Веймардык Башкаруу Кеңешинин мүчөсү Фредрих-Генрих Озанндын үй-бүлөсүндө 1797-жылы 26-отябрда төрөлгөн. Готтфриддин атасы кайтыш болгондон кийин апасы веймардык министр Христиан Готтлиб фон Фойгтко турмушка чыгат. Дал ушул окуя жаш Готтфриддин жана эки иниси Эмиль(келечекте медик) менен Фридрихтин (келечекте белгилүү филолог жана археолог) келечекте ким болорун аныктоодо чон роль ойноду. Өгөй атасы Фойгттун белгилүү чөйрөдөгү адамдар, жазуучулар ийриминин мүчөлөрү менен болгон катышы үч бир туугандын илимге багыт алышына чоң түрткү болгон. Готтфрид Озаннга болсо Гёте өзү жардам берген, түшүнгөн жана кызыккан жаш өспүрүмгө өзүнүн изденүүлөрүнүн жыйынтыктарын көрсөтүп турган. Билим чөйрөсүнө Готтфридди кызыктырган дал ушул Гёте болгон.
1816-жылдан тартып Озанн Берлинде, Йенде, Эрфуртта жана Эрлангенде  университеттик лекцияларды угуп баштаган. Ал эми 1819-жылдын июнь айында Йенде философия докторлугуна диссертациясын жактаган. Ошол эле жылы Эрланген университетинин кеңеши Готтфридге доцент катары лекция окуганга макулдук берген.1822-жылы ал Йенге көчүп, ошол жактагы университетте химия боюнча лекция окуп калат. 
1823-жылы Дерпт университетинин Кеңеши Готтфрид Озаннды ординардык профессор катары теориялык, практикалык химия жана фармацевтика факультетине чакырат. Ошол жылдын 28-февралынан тартып, Дерпт университетинде лекция окуп баштайт. 1828-1830-жылдары Вюрцбург университетинен чакыруу алып ал жакка кетет. Ал лекция окуу менен биргеликте өзүнүн эмгектерин да жарыялап турган. Анын эмгектери Озаннга татыктуу белгилүүлүктү алып келди. Көпчүлүк окумуштуулар коомчулугу Готтфрид Вильгельм Озаннды өздөрүнүн татыктуу мүчөсү катары кабыл алышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан