27- Октябрь 1951 -жылы
Канадада ГарольдЖонстун жетекчилиги астында радиациялык нурлардын
жардамы менен онкологиялык ооруларды дарылоо боюнча биринчи тажрыйба ишке
ашкан
Канаданын Саскачеван университетинде Гарольд Жонстун жетекчилиги астында радиациялык нурлардын жардамы менен онкологиялык ооруларды дарылоо боюнча биринчи тажрыйба ишке ашкан.
Тактап айтсак,1951-жылы 27-октябрда Гарольд Жонстун жетекчилиги астында радиациялык нур менен онкологиялык орууларды дарылоо боюнча биринчи жана ийгиликтүү тажрыйба ишке ашкан. Джонс бул тажрыйбада радиоактивдүү кобальт-60ты колдонуп аны “нур терапиясы” деп атаган. Кобальт-60 болуп чыккан гамма-нурлары өтө жогорку энергияга ээ болгондуктан дененин ар кай жеринде залалдуу шишикти түзө турган рак клеткаларын талкалайт ал эми соо клеткаларга эч кандай зыян келтирбейт. Ошол күндөн тартып, медицина тармагында Гарольд Джонстун жетекчилиги астында иштелип чыккан ыкма ийгиликтуу колдонулуп келет. Жыл өткөн сайын жарыкка кактап дарылоо, башкача айтканда нур терапиясынын улам заманбап түрлөрү чыгып, айрым дарттар хирургиялык кийлигишүүсүз айыктырыла баштады десек болот.