27- Октябрь 1802 -жылы Медик, этнограф, натуралист, химик, саякатчы Иоганн Георги каза болгон
1802-жылы 27-отябрда немец медиги, этнограф, химик, натуралист, саякатчы, Падышалык илимдер Академиясынын минерология профессору Иван Иванович Георги (Иоганн Готлиб) каза болгон.
Иоганн Готлиб Георги 1729-жылы 31-декабрда поптун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Швециядагы Уппсаль университетин аяктаган. Ал жакта негизгисин Карл Линнейден окуп, “медицина доктору” наамына ээ болгон соң, фармацевт болуп иштеген. Кийинчерек Падышалык илимдер Академиясынын чакыруусу менен 1770-жылы (айрым маалыматтар боюнча 1768-жылы) Орусияга келген. Палластын “Физикалык экспедициясында” катышкан, Поволжьяны изилдеген, орто жана түштүк Приуральяны, Батыш Сибирди жана Даурияны изилдеген. 1783-жылы илимдер Академиясынын академиги болуп шайланган. 1772-жылы Георги Байкалдын картасын түзүп чыккан. Байкалдагы чанда кезигүүчү өсүмдүктөрдүн гербарийин жана ал жактагы балык уулоо боюнча маалыматтарды топтогон. Иоганн Георги экспедицияларда чогулткан минералдардын коллекциясы (минералдардын жалпы саны 371) Санкт-Петербург университетинин минералогия факултетинин музейинин түзүлүшүнө негиз болгон. Георгинин этнографиялык изилдөөсү Орусияда отурукташкан ар кайсы улуттун өзгөчөлүктөрүн аныктап чыккан жана ал эмгеги Санкт-Петербургда 1776-1780-жылдары немец тилинде жарык көргөн. Георгинин эмгегин баалаган Екатерина экинчи ага тамеки сала турган алтын кутуча белек кылган жана ага “кабинеттин эсебинен бирок автордун пайдасына” деп жаздырган. Ошондой эле ал Санкт-Петербургдагы алгачкы химиялык лабораторияда бир топ изилдөөлөрдү жүргүзүп өзүн ал тармакта да мыкты көрсөтө алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан