23- Октябрь 1956 -жылы Венгрияда коммунисттик тоталитардык режимге каршы элдик көтөрүлүш башталган. Анда 2500 венгер, 700дөй совет аскерлери набыт болгон
1956-жылы 23-октябрда Венгрияда коммунисттик тоталитардык режимге каршы элдик көтөрүлүш башталган. Венгриянын борбор шаары болгон Будапештте студенттер тынч демонстрация өткөрүп, өлкөдөгү сталинчил коммунисттик режимди демократиялык реформалар аркылуу өзгөртүү талабын көтөрүшөт. Алар өкмөттүн колундагы радиокомпанияга келип, өз талаптарын жалпы калайыкка ачык жеткирүүнү көздөшкөн. Компаниянын ичине кирген студенттерди камакка алышат. Муну уккан сырттагы тарапташтары аларды бошотуу талабын коюшат. Бирок анчалык деле башаламандык жаратышкан эмес. Ошентсе да демонстранттарга мамлекеттик коопсуздук полициясынын кызматкерлери ок атып, натыйжада бир студент каза болуп калат. Көз жумган студенттин сөөгүн демонстранттар улуттук желекке ороп, талап коюсун улантып, коммунисттик режимге каршы ураан чакрышкан. Бул кабар Будапештке чагылгандай тез тарап, эл толкуп, боштондук көтөрүлүш башталган. 4-ноябрда советтик бийлик Венгрияга шашылыш аскерлерин киргизген. Советтик жоокерлерге каршы жергиликтүү күчтөрдүн кандуу кармашуулары 10-ноябрга чейин созулган.
Көтөрүлүштүн жыйынтыгында 2500 венгер, 700дөй совет аскерлери набыт болсо, 200 миңге жакын венгриялыктар Батышка үркүшкөн.  
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан