24- Октябрь 1960 -жылы Казакстандын Байкоңур полигонунда Р-16 ракетасы учурууга даярдоо учурунда старт аянтчасында жарылып кетип, жалпы 100гө жакын киши каза болгон

Казакстандын аймагындагы Байкоңур полигонунда Р-16 ракетасы учурууга даярдоо учурунда старт аянтчасында жарылып кеткен. Кырсык болгон жерден 74 киши мүрт кетип, 4 адам ооруканадан каза болгон.

Кырсыктан артиллериянын башкы маршалы М.И.Неделин жана техник, инженер, аскер конструктору жана башка жогорку катардагы адистер коштогон 100гө жакын ракетчик курман болгон. 90-жылдардын ортосуна чейин бул кырсыктын келип чыгуу себептери мамлекеттик сыр болуп эсептелген. Өлкөнүн жарандары, жадакалса кырсыкта курман болгондордун жакындары дагы трагедиялуу окуянын себептерин билишкен эмес. Кийинчерээк Р-16 ракетасынын конструктору Кузьмич Янгель кырсыктын себебин каза болгондордун техникасы татаал болгон ракетаны өтө жогорку деңгээлде билбегендиги менен түшүндүргөн. Окуя тарых барактарында “Неделиндик кырсык” деген ат менен сакталып калган.

Курман болгондордун туугандары ушул күнгө чейин жардыруу болгон жерге, Байкоңурдун 41-старттык аянтчасына келип, жакындарын эскерип турушат.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан