24- Октябрь 1812 -жылы Малоярославец шаарында орус армиясы менен француз армиясынын ортосунда салгылашуу болгон

Малоярославец шаарында орус армиясы менен француз армиясынын ортосунда салгылашуу болгон. Француз армиясы Калуга шаарын басып алууну масат кылган.

Салгылашуу учурунда орус армиясында 31 миң, француз армиясында 24 миң адам болгон. Соңунда француз армиясында 5 миңдей аскер курман болгон, ал эми орус армиясы 3 миңге жакын аскерин жоготкон. Француздар 7-аракетинен кийин гана Малоярославец шаарын басып алышкан, бирок Калуга шаарына кеткен жол орустар тарабынан жабылган. Мындан улам француз армиясынын кол башчысы Наполеон армиясы менен Смоленск жолу аркылуу батышты көздөй артка чегинүүгө аргасыз болгон. 

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан