Мальта Республикасында Евробиримдиктин чек ара кызматынын жеңил мотордуу учагы кыйроого учурап, 5 адам каза болгон. Ичине 10 адам бата турган “Метролайнер” үлгүсүндөгү учак Мальтадагы эл аралык аэропорттон учуп чыгып, Ливиядагы Мистрата шаарына бара жаткан.