25- Октябрь 1922 -жылы Орусияда жарандык согуш аяктап, өлкөнүн бардык аймагында совет бийлиги орногон

Орусияда жарандык согуш аяктап, өлкөнүн бардык аймагында совет бийлиги орногон. Жарандык согуш 1918-жылдан 1922-жылга чейин Кызыл армия менен Ак гвардиячылардын ортосунда болгон. Октябрь революциясынан кийин Орусиянын бийлиги Убактылуу Өкмөттөн большевиктердин колуна өткөндөн кийин ак гвардиячылар нааразы болуп, 4 жылга созулган жарандык согуш башталган.

Жарандык согуштун негизги себептери болуп курч саясий, социалдык жана улуттук-этникалык карама каршылыктар, Биринчи дуйнөлүк согуштагы чечилбей калган агрардык маселелер саналат. Бул көйгөйлөр Февраль революциясынан кийин курчуп кеткен.

1922-жылдын 25-октябрында Ыраакы Чыгыш Республикасынын Элдик-революциячыл армиясынын бөлүктөрү И.Уборевичтин кол башчылыгы алдында Владивостоктун аймагына кирип барышкан. Андан 2 саат мурда ак гвардиячылардын жана япондордун кемеси шаарды таштап артка чегинишкен. Бул окуя жарандык согуштун аякташы болуп эсептелип калган.

Согуштун жыйынтыгында Орусиянын бардык аймагында большевиктердин бийлиги орнотулган. Оорудан, ачкалыктан жана согуштун кесепетинен жалпы 15 миллиондон ашык адам өлгөн. Бийлик 2 жарым миллиондон ашуун адамды өлкө аймагынан көчүргөн.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан