25- Октябрь 2009 -жылы Ирактын борбор калаасы Багдад шаарында ири террордук акт болуп, 160тан ашуун адам каза болгон

Ирактын борбору Багдад шаарында ири террордук акт болуп, мындан улам 160тан ашуун адам курман болуп, 500дөн ашык адам жабыркаган. 25-октябрда шаардын борбордук аянтында 2 жолу жардыруу болгон.   

Окуя өкмөттүк имараттар жайгашкан “жашыл зонада” болгон. Кароолчулар алдын ала даярдалган террордук актты токтууга күчү жеткен эмес. Согушкерлер шаардын борбордук аянтына жардыргыч зат салынган 2 автоунааны айдап барышкан. Саат 09:30 чамасында биринчи жардыруу болгон. Бир нече мүнөттөрдөн соң экинчи жардыруу болгон. Террорчулар бул аракетин “Биздин душмандарыбыз күчтүн тилин гана түшүнүшөт”, - деген сөздөрү менен түшүндүрүшкөн.  

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан