25-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 08:50дө Түркиянын Анталия шаарында жардыруу болгон. Маалыматка караганда, жардыруу соода-өнөр жай палатасынын унаа токтотуучу жайында болгон. Шаар мэри Мендерес Тюрелдин айтымында, жабыркагандардын саны 12ге жеткен.
Мендерес Тюрел жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде “Жардыруу унаа токтотуучу жайда болгон. Кырсыктын кесепетинен кээ бир имараттардын жана унаалардын айнектери сынган. Кырсыктын кесепетинен жаракат алгандар бар”, - деп билдирген.