25- Октябрь 2006 -жылы Бразилиялык педофил-маньяк Франсиско Дас Шагасты өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча соттун 1-өкүмү чыккан

Бразилиялык педофил-маньяк жана каннибал Франсиско Дас Шагасты өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча соттун алгачкы өкүмү чыккан. 41 жаштагы Франсиско дас Шагас 1989-жылдан 2003-жылга чейин 9 жаштан 15 жашка чейинки 42 өспүрүмдү зордуктап, бычкан. Алардын кээ бирлеринин дене бөлүктөрүн Шагас жеп да койгондугу соттун өкүмү угузулуп жатканда айтылган. Педофилдин колунан каза тапкан 10 өспүрүмдүн сөөгү Шагас жашаган үйдөн алыс эмес талаадан табылган. Мыкаачы өлтүргөн өспүрүмдөрдүн арасындагы 15 жашар Жонатандын апасы соттук отурумда "Менин баламды өлтүргөн мыкаачыны полиция биринчи же экинчи баланы өлтүргөндө эле кармаса болмок. Жок, алар ушунча баланы өлтүргүчө камаарабай жүрө беришкен. Эмнеге? Антекени каза болгон балдардын баары жакыр үй-бүлөлөрдөн болгон", - деп айткан. Маалыматтарга караганда, анын кылган кылмыштарына бала чагында алган психикалык травмасы себеп болгон.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан