Пак Чон Хини Түштүк Кореянын Борбордук чалгын жүргүзүүчү башкармалыгынын директору Ким Жэ Гю атып салган. Ким Жэ Гю камакка алынгандан кийин президентти демократияга тоскоолдук жаратканы үчүн атканын билдирген. Бирок ушул күнгө чейин Пак Чон Хинин өлүмүнүн себеби тууралуу так маалымат жок. Ким Жэ Гю жана анын шериктерине өлүм жазасына тартуу өкүмү чыгып, 1980-жылдын 24-майында асып өлтүрүшкөн.
Пак Чон Хинин өлүмүнө чейин аны өлтүрүүгө 2 ирет аракет жасалган. 1968-жылдын 21-январында 31 адамдан турган Корей элдик армиясынын отряды аны өлтүрөйүн дегенде тартип сакчылары президенттин өмүрүн сактап калышкан. Бул окуядан кийин президент атайын топ түзүп, Түндүк Кореянын өлкө башчысы Ким Ир Сенди өлтүрүүгө буйрук берген. Ал эми 1974-жылдын 15-августунда Пак Чон Хи театрда сүйлөп жаткан учурда түндүк кореялык агент Мун Се Гван ага ок чыгарган. Бирок ал ок президенттин жубайына тийип, каза болгон.
Пак Чон Хи 1961-жылы бийликке келген. Ал "корей экономикалык кереметинин" жаратуучуларынын бири болуп эсептелет. Улуу кызы Пак Кын Хе 2012-жылы болгон шайлоодо Корея Республикасынын президенти болуп шайланган.