25- Октябрь 1917 -жылы
Улуу Октябрь революциясы аяктаган
1917-жылы февралда Орусияда буржуазиялык-демократиялык революция жеңген, эски мамлекеттик систем кулап, бирок өлкө терең кризистик абалга туш болуп, экономикалык бүлүнүү күчөгөн. Бул учур Орусиянын тарыхындагы өзгөчө учур болуп эсептелинип, эки этап менен карашкан. Биринчиси 1917-жылдын март-июль айлары - кош бийлик мезгили. Убактылуу өкмөт өзүнүн иш аракеттерин Петроград Совети менен макулдашып эл массасынын кеңири колдоосуна ээ болгон. Экинчи этап 1917-жылдын июль-октябрь айлары. Мына ушул 25-октябрь күнү кош бийлик жоюлган. "Бүткүл бийлик Советтерге!" деген ураан астында, саясий бийликти күч менен басып алуу даярдыгын көрө баштаган. В.И.Ленин болсо токтоосуз саясий бийликти куралдуу көтөрүлүш аркылуу алуу талабы менен чыгып, бул сунуш колдоого ээ болгон. Убактылуу өкмөт большевиктерге каршы турууга аракеттенген. Бирок алардын аброю коомчулукта төмөн болгондуктан, элден колдоо тапкан эмес.
24-октябрда солдаттар жана матростор, жумушчу-кызыл гвардиячылар шаардагы негизги административдик мекемелерди ээлей башташкан. Ушул эле күнү өкмөт Кышкы сарайда курчоодо калган. Түндүк фронттон кошумча аскер күчтөрдү алып келүү үчүн А.Ф.Керенский эртең менен Петрограддан чыгып кеткен. 25-октябрда аскердик революциялык комитет "Россия жарандарына" деген кайрылуу менен чыккан. Кайрылууда Убактылуу өкмөт кулатылып, бийлик петрограддык аскер революциялык комитетке өткөндүгү айтылган. Бардык оппозициячыл басма органдары жабылган. Жарыяга мамлекеттик монополия киргизилип басма сөз трибуналы түзүлгөн. Орусияда улуттардын өз алдынчалыгы, өз тагдырын өзү чечүүсү кабыл алынган, мамлекеттик чиндер менен наамдар жоюлган. Биринчи совет өкмөтүн В.И.Ленин жетектеген. Съезде Жалпы россиялык Борбордук аткомунун жаңы курамы шайланып, Октябрь революциясы жеңиш менен аяктаган. Тарыхчы-большевиктер аны Улуу Октябрь Социалисттик революциясы деп атаган. 1917-жылы Октябрь революциясынын натыйжасында өлкөнүн мамлекеттик, саясий, идеологиялык, экономикалык-коом түзүлүшү түп-тамыры менен өзгөрүп, капитализм жоюлган жана социалистик коом түзүлгөн. Ошондой эле Октябрь революциясы эл аралык мамилелер системинде терең өзгөртүү киргизилип, дүйнөдө революциячыл процесске жана улуттук-боштондук кыймылдын өнүгүүсүнө түрткү берген.