2012-жылдын аягында Жерар Депардье Франциядан анча алыс эмес, Бельгиянын Нешен аймагынан Бажы кызматынын эски үйүн сатып алган. Актёрдун бул кылганы ЖМК аркылуу коомчулукка тарап, чоң талкуу жаратат. Депардьенин бул кадамы Франциянын премьер-министри Жан-Марк Эронун катаал саясий салык өндүрүүсүнө көрсөткөн каршылыгы болуп саналат. Бир канча күндөн соң Депардье премьер-министрдин дарегине ачык кат жолдоп, ага өзүнүн жарандык паспортун жана социалдык картасын кошо тиркеген. Анда актёр: “Силер кимсиңер, мени ушундай жазалай турган, мен силерден сурап жатам, Эро? Премьер-министр Франсуа Олланд, мен силерден сурап жатам: силер кимсиңер?.. Менин оюмча, мен эч кимди өлтүргөн жокмун, мен 45 жыл ичинде туура эмес чечим кабыл алып, 145 миллион евро салык берип, 80 кишилик кызмат орунун камсыздадым. Мен үчүн эч качан кайгырбагыла жана мактоо кылбагыла, бирок мен “байкуш” деген сөздү кечирбейм", - деп жазган. Себеби актёр буга чейин аны бийликтегилер "байкуш" деп атап, кемсинткенине таарынып калган.
2012-жылдын декабрь айында Жерар Депардье Бельгияга көчүп, ал жакта салык берүүнү ашкерелеген. Бир канча күндөн соң Франциянын жарандыгынан ажыраган. 2013-жылы 1-январда орусиянын президенти Владимир Путин Жерар Депардьеге Орусиянын жарандыгын алууга мүмкүндүк берген. 4 күндөн кийин, 5-январь күнү эртең менен Орусиянын жарандыгына ээ болгон. Эртеси Жерар Депардьеге Саранск шаарынан Мордовия Республикасынын жетекчилери батир менен жеке менчик үй сунушташкан. 11-январда Депардье “Ардактуу удмурт” чини менен сыйланган. Ушул эле жылы 21-февралда Жерар Депардье расмий түрдө өзүнүн Саранск шаарындагы Демократическая көчөсү-1 дарегине каттоого алынган. 2013-жылы 25-февралда Жерар Депардье Чечен Республикасынын Президенти Рамзан Кадыровдун “Ардактуу жаран” сыйлыгы менен сыйланып, Грозный шаарынан 5 бөлмөлүү үйлүү болгон.
2013-жылдын 17-июнунда массалык маалымат каражаттарына Депардье өзүнүн каалоосунда дагы 7 өлкөнүн жарандыгын алууну пландаганы тууралуу маалымат берген.