27- Октябрь 1999 -жылы Армениянын парламентинде теракт болуп, 8 адам курман болгон

Армениянын парламентинде террористтик акт болуп, 8 адам курман болгон. Жыл сайын 27-октябрда Арменияда 1999-жылы, Ереванда парламентте болгон террористтик актыда курман болгондорду эскерүү күнү белгиленет. 1990-жылы 27-октябрда Ереван шаарында Армениянын парламентинде отурум өтүп жаткан учурда куралчан адамдардын тобу кирип барып, автоматтардан ок чыгарышкан. Жыйынтыгында өлкөнүн премьер-министри Вазген Саркисян, парламенттин спикери Карен Демирчян, вице-спикерлер Юрий Бахшян жана Рубен Мироян, мамлекеттин оперативдик маселелелр боюнча министри Леонард Петросян, депутаттар Генрих Абрамян, Арменак Арменакян жана Микаэл Котанян каза болушкан. Калгандары ар кандай жаракаттарды алып, жабыркашкан.

Террорчуларга карата сот иши 2001-жылдан 2003-жылга чейин уланган. Арменияда 2003-жылдын сентябрь айында өлүм жазасына тартуу жокко чыгарылгандыктан, кылмышкерлерге жазалоонун бул түрү колдонулбай калган. Террордук топтун Наири Унанян, анын бир тууганы Карен Унанян, алардын тууганы Врам Галстян, Дереник Беджанян, Эдик Григорян жана Ашот Князян өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми Гамлет Степанян 14 жылга соттолгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан