31- Октябрь 1815 -жылы Немис математиги, академик Карл Вейерштрасс жарыкка келген
Карл Вейерштрасс 1815-жылы 31-октябрда Германияда, Эннигерло деген жерде чиновниктин үй-бүлөсүндө туулган.
1834-жылы Падерборндогу гимназияны артыкчылык менен аяктап, атасынын сунушу боюнча Бонн университетинин юридикалык факултетине тапшырат. 4 жыл окуп жана юриспруденциянын ордуна математиканы мыкты өздөштүргөн Карл Вейрштрасс окуусун таштап кайра Мюнстер академиясына тапшырган. 1842-жылы Академияны аяктап провинциалдык каталогия гимназиясына мугалим болуп орношуп ал жакта 14 жыл эмгектенген. Вейрштрасстын бул тажрыйбасы Германиядагы эң мыкты мугалимдердин катарында болушуна шарт түзгөн. Карл чанда гана кезигүүчү бош убактысын математикалык изилдөөлөргө жумшаган. Математикадан сырткары ал ботаника, физика, немец тили, тарых жана гимнастика боюнча сабак берген. 1854-жылы анын абелдик функциялар боюнча эмгеги жарык көрүп, Кенегсберг университети Вейерштрасска доктор наамын ыйгарат (диссертация жактоосуз доктор наамы). Александр фон Гумбольддун жардамы менен Карл Вейерштрасс алгач Берлиндеги Өндүрүш институтуна профессор болуп эки айдан соң Берлин университетинин профессору болуп, ошол эле убакта Берлин илимдер Академиясынын мүчөсү болуп дайындалат. Вейерштрасс Берлин университетине 40 жылдык жашоосун арнаган. 1861-жылы Бавария илимдер академиясынын мүчөсү, 1864-жылы оординатордук профессор болуп дайындалат. 1868-жылы Париж илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, 1873-жылы Берлин университетинин ректору, 1881-жылы Лондон королдук коомунун мүчөсү болгон.
1885-жылы Карл Вейерштрасс 70 жашка толуп, белгилүү математиктин туулган күнү бүткүл Европанын денгээлинде белгиленген. 1889-жылы математик катуу ооруп калып, 1897-жылы көз жумган. Вейерштрасстын урматына анын ысымы айдагы кратерге жана Берлиндеги математикалык институтка берилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан