1- Ноябрь 1945 -жылы Токиодо "Киодо Цусин" аталышындагы япон маалымат агенттиги негизделген

1945-жылы, 1-ноябрда, Токиодо "Киодо Цусин" аталышындагы япон маалымат агенттиги негизделген. "Киодо Цусин" Япониядагы эң ири агенттик болуп саналат. Ал өз ичине япониялык гезиттердин кооперативдик бирикмесин жана радиотелевизиондук Эн-эйч-кэй корпорациясын камтыйт. Ички саясат, экономика, илимий, спорттук жана башка көптөгөн тармактардагы жаңылык, кабарларды япон жана англис тилинде даярдап, маалымат менен камсыз кылат. Дүйнөлүк ИТАР-ТАСС, АП, ЮПИ, "Рейтер" сыяктуу дүйнөлүк маалымат агенттиктери менен маалымат алмашуу келишими бар.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан