Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, акын жана драматург Жусуп Турусбеков 1910-жылы 24-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында дүйнөгө келген. 1916-жылкы Үркүндө ата-энеси менен кошо Үч-Турпанга чейин барып кайткан Жусуптун балалыгы алгач жокчулукта, кийинчерээк ага кошул-ташыл жетимчиликте өтүп, ар кайсы туугандарынын колунда чоңойгон. Ал ошол кездеги билимге умтулган үмүт-тилеги чоң жаштардын катарында турган. 1921-жылы таякеси Чортонбай Каракол шаарындагы балдар интернатына тапшырып, кийин ал интернат айыл-чарба техникумуна айланганда да болочок акын ошол жерде окуйт.
1928-жылы ал Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына келип, “Эркин-Тоо” гезитинин редакциясында иштейт. Жусуптун адабиятка кызыгуусу, чыгармачыл аракеттери дал ошол жылдары башталып, гезит беттерине айрым ырлары чыгат. 1929-1930-жылдары Комсомолдун мүчөсү катары Тверь шаарына жолдомо менен барып билим алган. Окуусун аяктап келгенден кийин "Кызыл Кыргызстан", "Ленинчил жаш" гезиттеринде, Кыргызстан мамлекеттик басмасында редактор, Жазуучулар союзунун кеңешчиси, Кыргыз мамлекеттик драма театрында директор болуп иштеп, чыгармачылыгын да жемиштүү уланткан. 1932-жылы Жусуп Турусбековдун "Жусуптун ырлары" деген биринчи ыр жыйнагы жарык көрөт. 1934-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.
Акындын көзү тирүүсүндө жарык көргөн китептерине "Шайыр жаштар" жыйнагы (1933), "Ажал ордуна" драмасы (1935), "Тандалган ырлар" жыйнагы (1935) "Беш-Мойноктогу окуя" драмасы (1937), "Мекен" (1938) ырлар жыйнактары, "Каракчынын трагедиясы" (1941) аттуу поэмасы кирет. Жусуп Турусбеков кыргыз драматургиялык адабиятынын түптөөчүсү болуп эсептелет. Анын "Ажал ордуна" музыкалык драмасы алгач 1934-жылы коюлуп, беш жылдан кийин, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында комиссия тарабынан, искусство чеберлери жана жалпы эле көрүүчүлөр тарабынан эң жогору бааланган. Жусуптун кесиптеши, совет жазуучуларынын бири Александр Корнейчук чыгарманы чоң драмалык деми бар элдик дастан деп атаган. Негизи чыгармада кыргыз элинин башынан өткөргөнү, 1916-жылдагы кандуу көтөрүлүш, эл эрки, кайгы-мүдөөсү көркөм жана ынанымдуу берилген. "Кыргыз тилин түшүнбөсөм да, драмадагы окуялар менен образдар мени толкундатпай койгон жок. Кыргыз эли ушул жаркыраган, таланттуу чыгармасы үчүн анын авторуна татыктуу алкышын айтат", – деген Корнейчук. Чыгарма улуу режиссёрлор Станиславскийди, Данченкону да таң калтырган. Ошол эле декадада чоң ийгиликке ээ болгон "Айчүрөк" операсынын либреттосунун авторлорунун бири да Жусуп болгон. Ал аны кыргыз жазуучулары Кубанычбек Маликов жана Жоомарт Бөкөнбаев менен бирге жазган. Бул эки чыгарма тең азыркы убакка чейин сахнага коюлуп келет.
Акын Александр Пушкиндин "Таш коногун", Гейненин жана башкалардын ырларын кыргызчага которгон.
Жусуп Турусбеков "Ардак Белгиси" орденинин ээси. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда акын өз ыктыяры менен согушка кетип, 1943-жылы Калинин облусунда кармашта курман болгон. Жусуп Турусбековдун ысмын республиканын айыл-шаарларында көчөлөр, китепканалар менен мектептер алып жүрөт.