31- Октябрь 2015 -жылы
Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга сапар тарткан Орусия учагы Египеттеги Синай жарым аралына кулаган
Орусиянын учагы Египеттеги Синай жарым аралына кулап, 224 адам курман болгон. Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга сапар тарткан Орусиянын А-321 үлгүсүндөгү учагы Египетте жайгашкан Синай жарым аралына кулап түшкөн. Кырсыктан улам учактагы 217 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү каза тапкан. Маалыматтарга караганда, учактагылардын 214ү Орусиянын жараны болгон. Алардын көпчүлүгү Египеттеги эс алуудан үйлөрүнө кайтып бара жатышкан. Кырсык жардыргыч заттын жарылышынан улам келип чыккандыгы аныкталган. Окуяга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу алган. Ошондой эле 1-ноябрь Орусияда президент тарабынан аза күтүү күнү деп жарыяланган.