28-октябрда Украинада 2009-жылдан тарта "Украинаны фашисттик басып алуучулардан бошотуу күнү" белгиленет. Бул күндү календарга мамлекеттик деңгээлдеги майрам катары киргизүү демилгесин ошол кездеги Украинанын экономика министри Сергей Тигипко киргизген. Жыл сайын 28-октябрда Украинаны германиялык аскерлерден бошотуу учурунда курман болгон аскерлерди эскерүүгө багытталган салтанаттуу иш-чаралар Киев шаарындагы белгисиз аскердин бейитинде жана салгылашуу болгон жерде өткөрүлөт.