1- Ноябрь 1955 -жылы Америкалык педагог, психолог, жазуучу Дейл Карнеги каза болгон
Америкалык педагог, психолог, жазуучу Дейл Брекенридж Карнеги 1888-жылы 24-ноябрда Миссури штатында жарыкка келген. Анын үй-бүлөсү Меривилль фермасындагы жакыр үй-бүлөлөрдүн катарында болгон. Ораторлук өнөргө болгон кызыгуу Карнегиде мектеп жашында эле башталган. Мугалимдер анын адам менен пикир алышып жаткан учурундагы коммуникабелдүүлүгүн, дискуссияны кызыктуу жүргүзөрүн байкашкан. Мектепти аяктаган соң, ал Набраскта кат-кагаз ташуучу кызматкер, Нью-Йорк шаарындагы маданий жайлардын биринде актёр болуп иштеп, өзүнүн жан дүйнөсү каалаган жумушту аткаруу мүмкүнчүлүгүнө жетпей көп жүрөт. Мындан соң Карнеги оратордук чеберчилик менен олуттуу алектенүүнү баштайт да, Уорренсбергдеги педагогикалык колледжге тапшырып, өтүп кетет. Колледжде окуган 600 студенттин ичинен Дейл менен бирге 6 студент шаардан баш калкалоочу жай таппай кыйналышат. Дейл Карнеги күнүгө окуу жайга ат менен 6 чакырым жерди басып, келип кетип окуп жүрөт. Ал окуусунан алган билиминин үстүнөн иштөө үчүн убакыт болбогондуктан, фермадагы чарбачылыкты жүргүзүп жүрүп алектенчү. 
Карнеги үй-бүлөсүнүн жакырдыгына абдан арданчу: өзүнө тар болуп калган күрмө, багалеги чолоюп калган шымдар... Мындай абал аны өзү тандаган тармакта тезирээк өнүгүп, өз жолун таап кетүүсүнө түрткү болгон десек жарашат. Окууну аяктаган соң Карнеги ранчодогу адамдардан угуучу топторду түзүп, оратордук искусство боюнча сабак өтүп, практикасын күчтөй баштайт. Коомдогу ар түрдүү катмардан чогулган эл анын мындай аракетин сынга алып, энтузиазм менен мамиле жасашканда өз батирине барып буркурап ыйлаган күндөрү да болгонун эскерген. Мындай кыйынчылыктарга баш ийип калбай Карнеги изденүүсүн улантып, айрым угуучулары жактырган лекцияларын жыйнак кылып чогулта баштайт. Кезеги келгенде ал брошюраларды да чыгарып коюга жетишет. Алгач ал брошюралар угуучулары тарабынан жерге тийбей сатылып кетип Дейлди сүйүнтөт. Мындан улам ал өз эмгектерине автордук укук алып, 1926-жылы "Оратордук искуссство жана кызматтык өнөктөштөргө таасир этүүгө көмөк" деген алгачкы китеби жарык көрөт. Ушундан тарта Карнегинин эмгектери дүйнөгө атагы чыккан таасирдүү адамдардын колунан өтүп, атактуулукка жете баштайт. Мен-мен деген гезиттер Карнеги үчүн атайын бет бошотуп, анын оратордук искусство тууралуу окуулары байма-бай басылып чыга баштайт. Бара-бара анын ысымы Америкага, жалпы Европага, андан соң бүтүндөй дүйнөгө тарайт. 1955-жылы, 1-ноябрда Карнеги Нью-Йоркто көз жумат. Ал Ходжкин дарты менен жабыркап жүргөндүктөн, Нью-Йорктогу үйүндө өзүнө-өзү кол салып каза болгон. Сөөгү өзү төрөлгөн Миссури штатына коюлган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан