3- Ноябрь 1500 -жылы Италиялык зергер жана скульптор Бенвенуто Челлини жарыкка келген.
Италиялык зергер жана скульптор Бенвенуто Челлини 1500-жылы 3-ноябрда Флоренцияда музыкалык аспаптарды жасаган устанын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Жованни Челлини уулун келечекте музыкант катары көргүсү келген. Бирок Бенвенуто 15 жашында Брандини аттуу зергердин чеберканасына барып, металлды көркөм иштетүү өнөрүн өздөштүрө баштайт.    
Челлининин бала чагында бир орунда турбаган, шайыр мүнөзгө ээ болчу. Өзүнүн жазган чыгармасында ал коркуу сезими деген эмне экенин билбегендигин жазган. Челлини окуучулук кезинде зергерлер менен көп жолу мушташкан. Мындан улам 1516- жана 1523-жылдары Флоренциядан куугунтукталган. 
Байкесинин өчүн алуу үчүн ал Римдеги зергерди өлтүрүп, нотариуска кол салып, Неаполь шаарына качып кеткен. Өзү жөнүндө намысына тийген сөз айткан үчүн дагы бир зергерди өлтүрүп салган. Кайра Римге кайтып келип, зер буюмдары менен иштей баштайт. Ал жерден дагы буюмдар жоголуп, Челлинини күнөөлүү деп табышып, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарышкан. Бирок жоголгон буюмдарды Челлини алгандыгы тууралуу эч кандай далил жок болгон. Буга карабай Рим папасы Павел III Челлинини чепке камап койгон. Скульптор ал чептен качып чыгып баратып кулап түшүп, бутун жана баш сөөктөрүн сындырып алган. 
Челлини 1540-жылы акталып чыгып, Францияда коло менен иштөөнү өздөштүрүп, скульптуралык эмгектерди жарата баштайт. Ал 1545-жылдан 1553-жылга чейинки аралыкта бир нече скульптуралык эмгектерди жараткан. Бенвенуто Челлинини замандаштары атактуу сүрөтчү Микеланжелого теңешкен. Анын эң ири чыгармасы болуп “Персей” эсептелет.  
Анын жазган көрүнүктүү жана акыркы эмгеги болуп “Распятие” чыгармасы эсептелет. Ал үй камагында болгон учурда чыгармачылыгынын берметине айланган өмүр баянын жаза баштаган. Скульптор 1571-жылы 13-февралда туулган жери Флоренцияда каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан