3- Ноябрь 1918 -жылы Орус математиги, академик Александр Ляпунов дүйнө менен кош айтышкан
Орус математиги, академик жана механик Александр Ляпунов 1857-жылы Ярославлда белгилүү астроном Михаил Ляпуновдун үй-бүлөсүндө туулган. Окумуштуу 11 жашында атасынан айрылган. 1870-жылы Александр апасы жана бир туугандары менен окуусун улантуу максатында Төмөнкү Новгород шаарына көчүп кетет. Математика жана физика сабактарын А.Ляпуновго окумуштуу А.Грузинцев окуткан. 1876-жылдын күз айында А.Ляпунов гимназияны алтын медаль менен аяктаган. Ошол жылы Ляпунов Петербург университетинин физикалык-математикалык факультетине тапшырып, бирок бир айдан соң математика бөлүмүнө которулуп кетет. Студенттик жылдарында А.Ляпунов математика бөлүмүндө окуса да, химия сабагына кызыгып, Дмитрий Менделеевдин лекцияларын калтырбай уккан. А.Ляпунов 4-курста окуп жаткан мезгилде гидростатика илими боюнча жазган эмгеги үчүн алтын медаль алган. Ал эми 1881-жылы жаш математик “Оор суюктуктагы оор телолордун тең салмактуулугу жөнүндө” жана “Гидростатистикалык басымдардын потенциалы жөнүндө” аттуу алгачкы эмгектерин жараткан. Бул эмгектерин А.Ляпунов математика илимдеринин кандидаттыгына диссертация катары жактаган.
 А.Ляпунов тең салмактуулуктун жана механикалык системдердин туруктуулугунун теориясын ойлоп тапкан. Ошондой эле  дифференциалдык башкаруу, гидродинамика жана ыктымалдуулук теориясы тармактарында бир нече эмгектерди жараткан. Ал Петербург, Харьков жана Казань университеттеринин ардактуу мүчөсү, Харьков математикалык коомчулугунун ардактуу мүчөсү, Римдеги академиянын чет өлкөлүк мүчөсү, Париж илимдер академиясынын корреспондент –мүчөсү болгон. 
1917-жылы июнь айында А.Ляпунов аялы Наталья Рафаиловнанын ден соолугуна байланыштуу Одесса аймагына көчүп барат. Ал кургак учук менен жабыркаган. 1918-жылдын күз айынан тарта окумуштуу Новороссийский университетинде сабак бере баштайт. А.Ляпунов 1918-жылы 28-октябрда аталган окуу жайда өмүрүнүн акыркы сабагын өткөн. Ошол жылы 31-октябрда жубайы Наталья Рафаиловна каза болот. Жубайынын өлүмү окумуштуу үчун чоң сокку болгон. Аялы өлгөн күнү А.Ляпунов өзүн атып, 3 күндөн соң өзүнө келе албай университеттин хирургиялык клиникасында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан