1879-жылы 4-ноябрда дүйнөдөгү эң биринчи кассалык аппаратка патент алынган. Бул аппараттын башкы функциясы болуп, акча каражатынын кыймылын жана жалданган жумушчулардын ишин көзөмөлдөө болуп эсептелген.
Бир тууган Риттилердин аппаратында бир нече баскыч болуп, алардын ар бири белгилүү бир сумманы белгилеп турган. Ошондой эле аталган аппаратта доллар жана цент үчун циферблат жайгашып, ар бир соода операциясы дискке бекитилген. Бир аз убакыт өткөн соң бул аппаратта кассирге жана сатып алуучуга товардын баасын көрсөтүп туруучу индикатор пайда болгон. Аппараттын ойлоп табуучусу Ритти байкеси менен бирге үйүндө башка жаңы кассалык аппараттарды даярдап, чакан фабрика дагы ачып алышкан. Бирок кийинчирээк бул бизнести жана патентти бир тууган Риттилер 1000 АКШ долларына Якоб Экерт аттуу соодагерге сатып салышкан. Ал эми Экерт National Manufacturing Company аттуу компанияны негиздеген.