4- Ноябрь 1784 -жылы
Москваны 1812-жылдагы өрттөн кийин калыбына келтирген орус архитектору Осип Бове туулган
Орус архитектору Осип Бове 1784-жылы Орусиянын Санкт-Петербург шаарында туулган. Москвадагы шаардык алгачкы оорукананын, Чоң театрдын жана Манеждин куруучусу болуп эсептелет. Келечектеги шаардын куруучусу француз сүрөтчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Архитектуралык башталгыч билимди Осип Кампорезе аттуу италиялык архитектордон алып, андан соң М.Казаков башкарган Архитектуралык окуу жайга өткөн. Ал жерде окуп жүргөндө О.Бове 1801-1806-жылдары Голицынск ооруканасы жана Разумовский аттуу графтын үйүнүн курулушун өз көзү менен көрүп, архитектураны иш жүзүндө үйрөнгөн. 1809-1810-жылдары О.Бове К.Росси аттуу архитектор менен принц Георг Ольденбургский жана анын жубайы Екатерина Павловнанын сарайынын курулушуна катышкан.
1812-жылы Москвада чыккан өрттөн кийин куруу иштери үчүн комиссия түзүлүп, ага О.Бове кирген. Ал Кремлдеги мунараларды жана дубалдарды жаңылап куруу жана турак-жайларды куруу иштерин башкарган. 1816-жылы Осип Бове Петербург көркөм академиясына өзүнүн 34 имаратынын тизмесин генерал А.Тормасовго кол койдуруу үчүн жиберип, архитектор наамына татыган. 1818-1824-жылдары Чоң театрдын алдындагы Театралдык аянттын долбоорун түзгөн. 1812-жылы өрттөнгөн Петровский театрды кайра калыбына келтирген. Осип Бове 1834-жылы 2-августта Москва шаарында каза болуп, Дон монастырында жерге берилген.