28- Октябрь 1995 -жылы Азербайжанда эң чоң метро кырсыгы болуп, 289 адам курман болгон

Азербайжанда эң чоң метро кырсыгы болуп, 289 адам курман болгон. Мындан 21 жыл мурда Азербайжандын борбору Баку шаарындагы метродо чоң кырсык катталып, 286 жүргүнчү жана 3 куткаруучу каза болгон. 270 адам жаракат алып, анын ичинен 69 адам ооруканага жеткирилип, 13ү оор абалда болгон. Бул окуя метродогу эң ири катастрофа катары Гиннес рекорддор китебине кирген.

Аталган кырсыкты иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы жана Азербайжандын вице-премьер-министри кырсык эскирип калган тетиктен улам келип чыккан.

Башка булактардын маалыматына караганда, вагондордордун биринин кыймылдаткычы күйүп кеткенде машинист өзүн жоготуп коюп, поездди тар туннелден токтотуп койгон. "Улдуз" жана "Нариманов" станцияларынын ортосунда жайгашкан туннелдин бийиктиги 5,6 метр, кенендиги 5 метрди түзгөн. Поезд токтогон учурда тоннель түтүнгө толуп кеткен. Шамалдатуунун күчү жана тоннелдин жарыгы аз болгондуктан, жүргүнчүлөргө дем жетпей же тебеленип каза болушкан. Алардын көпчүлүгү айнек эшиктерди жана терезелерди сындырып чыгып жатып, жаракат алышкан.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан