31- Октябрь 2007 -жылы Орусияда автобуста жардыруу болуп, 8 адам курман болгон

2007-жылы, 31-октябрда Орусиянын Тольятти шаарында МАЗ-103 автобусу жарылып, 8 адам курман болгон. 56 адам ооруканага жеткирилип, анын ичинен 10 киши оор абалда болгон. Жабыркагандардын көпчүлүгү психологиялык жардамга муктаж болгон. Аталган шаарда окуган 17 студент жана бир нече окутуучу жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Кырсык автобустун арткы бөлүгүндө жерде жаткан 2 килограмм салмактагы жардыргыч зат жарылып кеткендиктен улам келип чыккан. Жардыргыч затты курман болгон жүргүнчүлөрдүн бири 21 жаштагы Евгений Вахрушев аттуу жаран алып келгендиги аныкталган. Кырсыктан кийин анын үйүнөн дагы автобустагыдай жардыргыч зат табылган.

Самара облусунда 2007-жылдын 1-ноябрь күнү аза күтүү күнү деп жарыяланган. Ошондой эле Тольятти мамлекеттик университетинин окуу имаратында кырсыктан курман богондорду эскерүү тактасы орнотулган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан