1- Ноябрь 1963 -жылы
Ырчы, аткаруучу Мухтар Атаналиев төрөлгөн
Токтогул районунун Бала-Чычкан айылында, 1963-жылы 1-ноябрда обончу, ырчы-аткаруучу Мухтар Атаналиев төрөлгөн. Ырчы мектепти бүтүп Бишкекке барып, Политехникалык институттун тоо-кен факультетине тапшырып өтпөй калган. Андан кийин 2 жыл аскерде кызмат өтөгөн. Кийин дагы Политехникалык институтка тапшырып, 4-жолу өтпөй калган. Акыры 1985-жылы эңсеген окуу жайына өткөн.
Кийинчерээк кесиби боюнча курулуш иштеринде инженердин кызматын аткарат. Андан кийин айыл жергесине барып Жайыл районунун акимчилигинде жер бөлүмү боюнча инспектор болуп ишке орношот. Бирок, жан дүйнөсү музыкага жакын болгондуктан, ишин таштап, чыгармачылыктын чыйыр жолуна аттанган. Анын белгилүү "Мен биринчи атаман", "Ак толкундар", "Жаш сулуу" аттуу ырлары эл эсинде.