1- Ноябрь 1974 -жылы Орусияда учак кырсыгы болуп, 38 адам курман болгон

Орусиянын Сургут шаарынын аймагында Ан-2 үлгүсүндөгү учак жана Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак сүзүшүп, 38 адам каза тапкан. Окуя болгон түнү Ан-2 үлгүсүндөгү учак Ханты-Мансийск шаарынан Сургутка сапар тартып бараткан. Ичинде экипаждын 2 мүчөсү - В.М. Заложнев атту командир, Ф.Ф. Юнусов аттуу экинчи пилот жана 12 жүргүнчү болгон. Саат 13:00 чамасында диспетчер учактын экипажына конууга көрсөтмө берип, бирок аба ырайы учактын жерге конушуна ыңгайсыздык жараткан. Ошол эле учурда Сургут аба майданында Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак Нефтеюганск аймагына рейстен тышкары учуп чыккан. Анын ичинде 24 адам болгон. Алардын экөө - кичинекей балдар. Ал эми үчөө - экипаждын мүчөлөрү болгон. Учактар сүзүшкөн соң, тик учак тоңуп калган сазга, ал эми учак токойго кулап түшкөн. Кырсык Сургут аэропортунун аймагында аба кыймылынын туура эмес башкарылышынан улам келип чыккан. Курман болгондордун 33ү - жүргүнчүлөр жана бешөө - экипаждын мүчөлөрү экендиги аныкталган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан